+996312621861 info@tourism.gov.kg

С. Шатманов Израильдин Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эдвин Натан Ябо Глусман менен жолугушту/ С. Шатманов встретился с Чрезвычайным и Полномочным Послом Израиля Эдвин Натан Ябо Глусман

2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин базасында министрдин орун басары С. Шатманов Израильдин Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эдвин Натан Ябо Глусман менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи мырза туризм тармагында, өзгөчө кышкы туризм боюнча эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Израильдин ортосундагы түз аба каттамын ачуу боюнча маселелер талкууланды. Израиль тарап белгилегендей, эки өлкө ортосундагы түз аба каттамы эки тарапка тең туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети менен таанышуу максатында Израильдин туристтик бизнесинин өкүлдөрү үчүн инфо-тур өткөрүү сунушталды.
Ошондой эле, делегация мүчөлөрү үчүн министрдин орун басары С. Шатманов өлкөбүздөгү туризм тармагы боюнча маалымат тартуулады.
Тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришип, натыйжада өлкөнүн туруктуу туризмин мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

____

27 марта 2023 года на базе Департамента туризма при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики состоялась встреча заместителя министра С. Шатманова с Чрезвычайным и Полномочным Послом Израиля Эдвин Натан Ябо Глусман.

В ходе встречи господин посол отметил, что они заинтересованы наладить двустороннее сотрудничество в области туризма, а в особенности в сфере зимнего туризма.

Кроме этого, были обсуждены вопросы по прямому авиасообщению между Кыргызской Республикой и Израилем. Израильской стороной было отмечено, что наличие прямого авиарейса между странами способствовало бы большему потоку туристов в обе страны.

В ходе встречи кыргызской стороной было предложено провести инфо-тур для представителей туристического бизнеса Израиля в целях ознакомления туристским потенциалом Кыргызской Республики. Также для членов делегации заместителем министра С. Шатмановым была презентована информация относительно отрасли туризма в нашей стране.
Стороны выразили заинтересованность в тесном взаимодействии и дальнейшем сотрудничестве, что поспособствует дальнейшему развитию устойчивого туризма страны.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian