Иш чаранын алкагында көргөзмө жарманкесине облустун Ак-Сай, Дара айыл өкмөттөрүнөн келген апалар , өз колдору менен жасаган нукура улуттук тамак-аштардын түрлөрүн коюшкан.
Иш чара КРнын Туризм департаменти, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өтүүдө.