+996312621861 info@tourism.gov.kg

Баткенде туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүүдө

28-апрелде Баткен шаарында Туристтик “ITBE” көргөзмөсү,
“Айгүл-Тоо”,
“Баткен күрүчү”,
“Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары,
кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси,
“Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу боюнча биргелешкен аракеттер” аттуу эл аралык туристтик форуму өтүүдө.
Бул ири иш чарага Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, министрдин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары катышты.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген уз чеберлер, кол өнөрчүлөр, ишкерлер өз колдорунан жаралган эмгектерин, туристтик продукцияларын көргөзмөгө коюшту.
Өзгөчө Баткен килеми менен Баткен өрүгүнөн жасалган продукциялар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал эми маданият өкүлдөрү улуттук ыр бийлер менен иш чаранын көркүн ачты.
Жайкы туристтик мезгилдин башталышын утурлай уюштурулуп жаткан эл аралык иш чара КРнын Туризм департаменти, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өткөрүүдө.
Иш чара Фергана өрөөнүнүндөгү маданияттардын айкалышкан жайы болгон Баткен жергесин, туризмдин борборуна айлантуу максатын көздөйт.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian