+996312621861 info@tourism.gov.kg

АК-СУУ ЖАНА ТҮП РАЙОНДОРУНУН ГЕОПАРКТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ

2023-жылдын 27-апрелинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Борбордук Азиядагы аймактык жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” алкагында “Туризмди туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жана Мастер-планды, ошондой эле Ысык-Көл облусунда Ак-Суу жана Түп райондору үчүн туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн эки жергиликтүү планын (геопарктар концепциясын иштеп чыгуу), анын ичинде стратегиялык экологиялык жана социалдык баалоону иштеп чыгуу” боюнча кезектеги тегерек столу өткөрүлдү.
КРнын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары – А. Досалиев, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары – У. Далиев, КРнын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм депараментинин башкы адиси – Д. Дайырбеков, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу – У.Зайналов, THR Asesores en Tourismo, Hoteleria Recreacion, S.A. эл аралык консалтинг компаниясынын жетекчиси – доктор Хавьер Гонсалез катышып, долбоордун аймак үчүн экономикалык жактан маанилүүлүгү, туризмди туруктуу өнүктүрүүдө артыкчылары боюнча талкуу жүргүзүп, башка райондордон келген жарандар менен суроо-жооп иретинде сүйлөштү.
Геопарктар боюнча эл аралык эксперт Патрик Маккивер Ак-Суу жана Түп райондорунда потенциалдуу геопаркты өнүктүрүү үчүн башкаруу концепциясы, эл аралык тажрыйбадагы модели тууралуу, аны менен бирге жергиликтүү социалдык, экология боюнча эксперттер Ысык-Көл облусунун социалдык жана экология чөйрөсүнө туризмдин тийгизген таасири боюнча кеӊири маалымат беришти.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian