Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому менен биргеликте Россия Федерациясынын Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 2023-жылдын 16-июнунан 19-июнуна чейин Ысык-Көл облусу жана Бишкек шаарынын аймактарына пресс-тур уюштуруп өткөрдү.
Пресс-турдун жүрүшүндө коноктор бир катар пансионаттар, “Номад” амфитеатры, “Этномаданиятты, ат спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейи, Н. Пржевальский мемориалдык комплекси, “Жараланган жүрөк” аскасы, “Сказка” каньону жана “Тескей” геопаркына барышты.
Мындан тышкары, коноктор 2023-жылдын жайкы мезгилинин биринчи авиакаттамы “Екатеринбург – Ысык-Көл, Тамчы” туурасында репортаж тартышты.
_____________________________
Департамент туризма при Министерстве Экономики и коммерции Кыргызской Республики совместно с Генеральным консульством Кыргызской Республики в г. Екатеринбург, Полномочным представителем Президента в Иссык-Кульской области, Министерством иностранных дел Кыргызской Республики, открытым акционерным обществом “Фонд поддержки развития туризма в Кыргызской Республике” организовали и провели пресс тур для представителей ведущих средств массовой информации Свердловской и Челябинской областей Российской Федерации в период с 16 июня по 19 июня 2023 года по Иссык-Кульской области и г. Бишкек.
В ходе пресс тура гости посетили ряд пансионатов, Амфитеатр «Номад», ГП «Центр развития этнокультуры, конно-спортивной индустрии и племенного коневодства», Иссык-Кульский государственный историко-культурный музей-заповедник, мемориальный комплекс им. Н.Пржевальского и им. Х. Карасаева, скалу «Разбитое сердце», долину «Көк-Жайык», каньон «Сказка», геопарк «Тескей».
Кроме того, снят репортаж о первом рейсе на летиний сезон 2023 года «Екатеринбург – Иссык-Куль, Тамчы».
EnglishKyrgyzRussian