Инструменты специальных возможностей

Логотип департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики
Департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики — это государственный орган, ответственный за развитие, продвижение и поддержку туристической отрасли страны.

Новости и События

Подробности в новостях

Дүйнөлүк банктын миссиясы болуп өттү

2023-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти тарабынан Дүйнөлүк банктын демилгеси менен Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча Стратегиясын жана Мастер-планын даярдоо, Ысык-Көл облусунунда пилоттук негизде туризмдин сателиттик эсептерин иштеп чыгуу, ошондой эле эл аралык туристтик инвестициялык форумун уюштуруп өткөрүү маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы болуп өттү.
Миссияга Дүйнөлүк банктын, Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын түзүлгөн жумушчу-тобунун, жана тийиштүү министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга болгон атайын миссиясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С.Б. Шатманов менен жолугуп, анын жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы кызматташууну мындан ары күчөтүү маселесин талкуулашты.

Comments are closed