+996312621861 info@tourism.gov.kg

Туризм департаментинин мүдүрү С.Шатманов, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Осмонбековдун, Талас шаарынын мэри жана жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусу менен Zoom-конференциясын өткөрдү

2021-жылдын 2 мартында, Туризм департаментинин мүдүрү С.Шатманов, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Осмонбековдун, Талас шаарынын мэри жана жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусу менен Zoom-конференциясын өткөрдү. Анда, ар бир райондун туризмдин көйгөйлүү маселелери козголуп, аларды чечүү жолдору талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө, Туризм департаментинин жетекчиси түз инвестицияларды тартуу менен аймактагы туризм тармагын жандандыруу зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Осмонбеков ар бир райондун жана жалпы облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Бүгүнкү күндө, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси, улуттук “Беш-Таш” жаратылыш паркы, Үрмарал өзөнү, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын чагылдырган эстеликтерден ачык асман музейи жана Киров суу сактагычы сыяктуу камтыган жайларды, келген туристер үчүн төрт негизги туристтик маршруттар бар экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, заманбап жайгаштыруучу жайлардын жоктугун белгилеп, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин аймагында өткөн биринчи улуттук көчмөндөр оюндары учурунда кездешкендигин мисал келтирип, заманбап экоконок үйлөрдү жана мейманкана комплекстерин куруу үчүн потенциалдуу инвесторлорду табууга көмөктөшүүнү сурады. Ошону менен бирге, Талас облусунун туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Туризм департаментинин башчысы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жогоруда айтылган маселелерди чечүүгө комплекстүү мамилелерди белгилеп, аймактын туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүдө мындан ары өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирди.
_____________________
Директор Департамента туризма С.Шатманов 2 марта 2021 года, провел Zoom-конференцию с участием первого заместителя полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Таласской области К.Осмонбековым, мэра города Талас и руководителей районных государственных администраций, где были затронуты проблемные вопросы туризма каждого района и обсуждены их пути решения.
В ходе заседания, директор Департамента туризма поприветствовал участников онлайн-встречи и озвучил о необходимости реанимировании туристической отрасли региона, путем привлечения прямых инвестиций.
В свою очередь, первый заместитель полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Таласской области К.Осмонбеков рассказал о туристическом потенциале каждого района и в целом области. Подчеркнув, что на сегодняшний день функционируют четыре крупных туристических маршрута, в которые были включены объекты для посещения туристов, такие как, Кыргызский национальный комплекс «Манас Ордо», национальный природный парк «Беш-Таш», долина Урмарал, музей памятников под открытым небом с изображениями героев произведений Ч.Айтматова и Кировское водохранилище.
Вместе с тем, отметил, о нехватке современных средств размещений, приведя пример с которыми столкнулись во время проведения первых национальных игр кочевников на территории Кыргызского национального комплекса «Манас Ордо», попросил оказать содействие в поиске потенциальных инвесторов в строительстве современных экогостевых домов и гостиничных комплексов. Одновременно, выразил готовность в выделении земельных участков для развития туристической инфраструктуры Таласской области.
По итогам встречи, руководитель Департамента туризма поблагодарил участников, отметив комплексные подходы решения вышеотмеченных вопросов и выразил готовность в дальнейшем взаимном сотрудничестве в развитии туристической инфраструктуры области.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian