+996312621861 info@tourism.gov.kg

С.Шатманов Кыргыз Республикасы алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден, анын ичинде Түркия Республикасынан туристтерди кабыл алууга даяр экендигин билдирип, учууларды уюштурууга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулады

Туризм департаментинин директору С.Шатманов Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин агымын тартуу максатында, Түрк аба жолдорунун башкы директору (Turkish Airlines) О.Суучак жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Н.Шимшеклер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда С.Шатманов Кыргыз Республикасы алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден, анын ичинде Түркия Республикасынан туристтерди кабыл алууга даяр экендигин билдирип, учууларды уюштурууга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулады.
Н.Шимшеклер белгилегендей, Кыргызстан түрк туристтери үчүн тарыхый жерлерге, кымыз ичүү жана тоо туризмине (жайлоо туризм) баруу максатында жагымдуу болуп келет.
Муну менен катар С.Шатманов республиканын ар бир району, облустардын өзгөчөлүгүн баса белгилеп, кесиптешине учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен туризмди өнүктүрүү жана туристерди тартуу, ошондой эле келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолугушуулар болуп атканын маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосунда белгилүү блогерлерди, ири туроператорлордун башчыларын жана ММК өкүлдөрүн кошуп, Fam-tour уюштурууну макулдашты.
____________________
Директор Департамента туризма С. Шатманов в целях привлечения потока туристов в Кыргызскую Республику из Турецкой Республики, также из стран Европы провел встречу с Генеральным директором «Турецкие авиалинии» (Turkish Airlines) О. Суучак и с советником представительства по культуре и туризма Посольства Турции в Кыргызской Республике Н. Шимшеклером.
На встрече С. Шатманов выразил готовность Кыргызской Республики к принятию туристов из стран дальнего и ближнего зарубежья, в том числе из Турецкой Республики и обсудил ряд вопросов относительно организации авиарейсов.
Н. Шимшеклер отметил, что Кыргызстан для турецких туристов привлекателен посещениями исторических объектов, кумысолечением и горным туризмом (джайлоо туризм).
Наряду с этим, С. Шатманов подчеркнул об уникальности каждого района, региона страны и проинформировал коллегу, что на данный момент проводятся встречи с Полномочными представителями Правительства Кыргызской Республики и руководителями местных государственных администраций по привлечению и развития туризма, также обеспечения безопасности пребывающих туристов.
По итогам встречи стороны договорились об организации Fam-tour между двумя странами с включением известных блогеров, руководителей крупных туроператов, представителей СМИ.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian