+996312621861 info@tourism.gov.kg

2021-жылдын 10-мартында тоодо өзгөчө кырдаал жана кырсык болуп калса, куткаруу иштерин жүргүзүп, жардам көрсөтүүчү уюмдарды координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча эки күндүк окутуулар башталды

2021-жылдын 10-мартында тоодо өзгөчө кырдаал жана кырсык болуп калса, куткаруу иштерин жүргүзүп, жардам көрсөтүүчү уюмдарды координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча эки күндүк окутуулар башталды.
Тегерек столдун Туризм департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Медициналык тез жардам көрсөтүү борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.
Тегерек столдун багыты – тоолордогу куткаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу. Максаттар: Тоодогу туристерди куткарууга катышкан ар бир уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, өз ара аракеттенүү матрицасын кароо, өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүн аныктоонун алгоритмдерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана аларды чечүү боюнча сунуштарды аныктоо болуп саналат.
Тегерек столдун жүрүшүндө тоодогу туристтерди кайтаруу жана куткаруу боюнча практикалык тапшырмалар чечилип, ар бир уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн, күчтүү жана алсыз жактарын билүү деңгээлин баалоо максатында SWOT талдоосу дагы жүргүзүлүүдө. Туризм бизнес өкүлдөрү тоодогу туристтерди куткаруу боюнча практикалык кадамдарды талкуулашууда.
Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Хельветас Кыргызстан тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан колдоого алынган.
_____________
10 марта 2021 года началось двухдневное учение по координации и взаимодействию организаций, проводящих спасательные работы и оказывающих помощь в горах при наступлении чрезвычайной ситуации и несчастного случая.
Данный круглый стол проходит с участием Департамента туризма, Министерства чрезвычайной ситуации Кыргызской Республики, Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, Министерства здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики, Центра по оказанию экстренной медицинской помощи, также представителей туристических ассоциаций Кыргызской Республики.
Цель круглого стола- повышение эффективности спасательных работ в горах. Задачи: Оценивание возможностей каждой организации, участвующей в спасении в горах, разработка матрицы взаимодействия, алгоритмов и механизмов выявления проблем взаимодействия и выявление рекомендаций по их решению.
В ходе круглого стола решаются практические задачи по реагированию и спасению туристов в горах, также проводиться SWOT-анализ обеспечения, чтобы оценить уровень информированности о возможностях, сильных и слабых сторонах каждой организации. Представители туристического бизнеса обсуждают практические действия по спасению туристов в горах.
Мероприятие проводится при поддержке проекта «Устойчивое развитие зимнего туризма в КР», финансируемого Правительством Швейцарии и реализуемого Хельветас Кыргызстан в сотрудничестве с Министерством чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики и Ассоциацией горных гидов Кыргызстана.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian