+996312621861 info@tourism.gov.kg

Дүйнөлүк туристтик уюму (ЮНВТО), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) үчүн коопсуздук жана ден-соолук бирдиктүү протоколдорун жана стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында уюштурулган жолугушуу онлайн форматында болуп өттү

Дүйнөлүк туристтик уюму (ЮНВТО), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) үчүн коопсуздук жана ден-соолук бирдиктүү протоколдорун жана стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында уюштурулган жолугушуу онлайн форматында болуп өттү.
Ошондой эле, аталган жолугушууга АБЭКтин алкагында туризм боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү дагы катышышты.
“Bubble tourism» долбоору – бул АБЭК үчүн коопсуздук жана ден-соолук стандарттарын, бирдиктүү протоколдорду ишке киргизүү долбоору, Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы тарабынан туристтик сектордо COVID-19 пандемиясынын шарттарында ден-соолукту сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары, колдонуудагы коронавирустук инфекциянын таралып кетпешине каршы багытталган иш-аракеттердин алгоритмдерин талдоого багытталган.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар АБЭКтин алкагында туризм боюнча Жумушчу топ менен жолугушуу уюштурууну жана мындан кийинки кадамдарды талкуулону макулдашышты. Аталган долбоор туризм чөйрөсүндө чарбалык жана кызмат көрсөтүү ишмердүүлүктөрүн тийиштүү ыңгайлаштырууда мамлекеттик, жеке кызыктар тараптардын дараметин өстүрүүгө түрткү берет.
_________________
Состоялась предварительная встреча между Всемирной туристской организацией (ЮНВТО), Азиатским банком развития (АБР) и Департаментом туризма Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики в формате ВКС по разработке и внедрению единых протоколов и стандартов здоровья и безопасности для Экономического Коридора Алматы-Бишкек (ЭКАБ). Также на совещании приняли участие члены Рабочей группы по туризму в рамках ЭКАБ.
Проект “Bubble tourism» – это проект внедрения общих протоколов и стандартов здоровья и безопасности для ЭКАБ, который направлен на анализ существующих алгоритмов действий по недопущению завоза коронавирусной инфекции, мер по охране здоровья и обеспечению безопасности в условиях пандемии COVID-19, подготовленных Кыргызской Республикой и Казахстаном в туристическом секторе.
По итогам заседания стороны договорились организовать заседание с рабочей группой по туризму в рамках ЭКАБ и обсудить дальнейшие шаги работы. Данный проект будет способствовать наращиванию потенциала государственных и частных заинтересованных сторон в сфере туризма в соответствующей адаптации хозяйственной деятельности и услуг.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian