+996312621861 info@tourism.gov.kg

2021-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы Министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору С. Шатманов Корея эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA уюмунун туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюмунун жетекчиси Сангхун Чу мырза менен бирге өлкөнүн туристтик аймактарына багыттоочу көрсөткүч белгилерин орнотуу аземине катышты

 2021-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы Министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору С. Шатманов Корея эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA уюмунун туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюмунун жетекчиси Сангхун Чу мырза менен бирге өлкөнүн туристтик аймактарына багыттоочу көрсөткүч белгилерин орнотуу аземине катышты.
Ачылыш аземинде, С. Шатманов көрсөткүч белгилери ички жана сырттан келген туристтердин ыӊгайлуу саякаттоосуна жана туризмдин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзөөрүн баса белгиледи. Мындан сырткары, өлкөдөгү туристтик көрсөткүч белгилери аз кездешкен жайларда кошумча дагы жыйырма үч туристтик көрсөткүч белгилери орнотулмакчы.
Аталган долбоор Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы Министрлигине караштуу Туризм департаменти, Кыргыз Республикасынын Транспорт архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги жана тийиштүү мамлекеттик органдардын колдоосунда ишке ашыруулуда.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian