+996312621861 info@tourism.gov.kg

19-февралда “ЗиЛ” тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өттү

19-февралда “ЗиЛ” тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өттү.
Кайрымдуулук фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ачты.
Ал өз сөзүндө туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп аткандыгын белгилеп, бул тармакта инвесторлорду тартуу иштери күч алып жаткандыгын белгиледи. Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базалары пайда болушу керек. Анын үстүнөн КР Президентинин Администрациясы да, министрлик да иштеп жатат. Ошол эле учурда кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратканын айтып, Кыргызстандыктар үчүн жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады деп кубануу менен айтты.
Ошондой эле, Азамат Жаманкулов кайрымдуулук фестивалды биргеликте уюштурган өнөкөштөргө жана уюштурууда салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасын кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытууга болгон аракеттер күчөтүлө тургандыгын баса белгиледи.
Кайрымдуулук фестивалдын алкагында бий-флешмобу жана ырчылардын концерти уюштурулуп, “Элим барсыңбы”? жана “Колдон колго” кайрымдуулук уюмдарынын муктаждыктарына каражат чогултуу үчүн фестивалдын катышуучуларынын арасында кайрымдуулук байгелүү билеттери ойнотулду.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, КРдагы Америкалык Соода палатасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Колдон колго», «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду жана ЗиЛ тоо лыжа базасы тарабынан уюштурулду.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian