+996312621861 info@tourism.gov.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Issyk-Kul ITF 2022 Эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкесинин ачылыш аземине катышты жана жайкы 2022 туристтик мезгилин ачык-деп жарыялады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Issyk-Kul ITF 2022 Эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси башталып, “Таза-суу, таза аба, таза инсан, асман-көл”- ураан алдында 2022-жылкы – жайкы туристтик мезгилинин ачылышы болду.
Иш чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда туристтик компаниялар, бир катар элчиликтер, пансионаттар, туризм тармагындагы Эл аралык уюмдардын долбоорлору, конок үйлөрү жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар өлкөлөрдүн маданий-туристтик дараметин, долбоорлорун, өз өнүм-товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн тааныштырышты.
Эл аралык Issyk-Kul ITF 2022 туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкесинин өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Чүй, Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустары жана Ош шаардык мэриясы аталган аянтчада боз-үй тигип, региондун маданий-туристтик дараметин даңазалашты жана келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Көргөзмөгө чогулгандар алдында сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров быйыл дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга туристтердин көп келүүсү күтүлүүдө экендигин айтып, ага баарыбыз даяр болушубуз керек – деди.
“Көлдүн экологиясын таза сактаганга болгон күчтү жыйнайбыз. Кумтөрдү алдык, эми анын экологияга зыянын азайтабыз. Президенттин жакында эле чыккан жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Көрбөйт, эчтеке болбойт деп, саркынды сууларды Көлгө куюп, Көлгө кыянаттык менен мамиле жасап жүргөндөргө бөгөт коюлат!
Ошондой эле Эл аралык көргөзмөнүн жүрүшүндө этно оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, кечки маданий программа конокторго жана катышуучуларга тартууланды.
ITF 2022 – бул жыл сайын Эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу аянтчасы.
Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өлкөнүн туризм чөйрөсүн калыптандыруу жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү менен чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian