+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, 2023-жылдын 5-январы. KARAKOL FAIR 2023 аттуу эл аралык кышкы туристтик жарманке старт алды

Бул масштабдуу иш-чара Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы драма театрынын 4-5 аянтында өтүүдө. Жарманке 3 күн бою, башкача айтканда, 5-6-7-январь күндөрү саат 11:00 дө башталып, 21:00 гө чейинки убакытка созулат.
Эл аралык туристтик кышкы жарманке өлкөбүздүн аймактарынын тарыхын, улуттук каада-салттарын, маданиятын, кол өнөрчүлүк, унутта калып бараткан Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элдердин даам-татымдарын, ичимдиктерин, түрдүү туристтик азыктар жана продукцияларды кенен жайылтып, мындар ары өнүктүрүүгө, ошондой эле, элдик фольклор, искусство жаатында Борбордук Азия жана ири региондогу өлкөлөрдүн, аймактардын, шаарлардын, түрдүү уюмдардын жана колунан көөрү төгүлгөн ууз чеберлердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана бекемдөө максатын көздөйт.
Ошону менен бирге, жалпы эле Кыргызстандын аймактарын, ал эми Каракол шаарын жыл бою туристтерди кабыл алууга даярдыгы мыкты шаар катары таанытуу да каралган.
Кышкы туристтик жарманкеге 5000 адам катышаары күтүлүүдө. Меймандар Кыргызстандын облустарынан жана чет мамлекеттерден келип катышууда.
Жарманке Каракол шаарынын мэриясы, Туризм департаменти, Destination Каракол коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, эл аралык уюмдардын жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен активдүү өткөрүлүүдө.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian