+996312621861 info@tourism.gov.kg

НАРЫНДА ТУРУКТУУ ТУРИЗМДИ БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТТЕР МЕНЕН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

19-январда “Нарын облусунда туризмди туруктуу биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүү” аталышында II туристтик форум өткөрүлдү.
Форум КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын туризм ассоциациясы жана КР Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан уюштурулду.
Форум Нарын облусунда өндүрүлгөн нукура азык-түлүк, улуттук колориттеги буюм-тайымдардын көргөзмө-жарманкеси жана улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздүн башында турган “Манас” баяны, фольклордук күүлөр менен башталды.
Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Маданият, маалымат жана спорт, жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо Фонду” ачык акционердик коомунун төрайымы Елена Калашникова жана эл аралык өнөктөштөр, туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.
Форумду ачкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын облусунун экономикасынын негизин түзө турган приоритеттүү тармактардын бири туризм тармагы болуп эсептелээрин, бирок тармакта жасала турган жумуштар абдан көптүгүн, анын ичинде республикалык деңгээлде чечилүүчү маселелер бар экенин белгилеп, бул жагынан министрликтер колдоо көрсөтүүлөрү зарылдыгын айтты. Быйыл облуста экономикалык секирик жасай турган амбициялуу пландар белгиленгенин, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү багыттары бар экенин, креативдүү инновациялык долбоорлор болсо колдоп берээрин билдирди. Кыргызстан боюнча Нарын облусу хоккейдин мекени болуп эсептелгендиктен Европадан келген өнөктөштөр менен февраль айында чоң иш чара өткөрүү мерчемделип жатканына токтолду. Ошондой эле Нарында жылдын бардык мезгили туристтик мезгил болушу керектигин, бул үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи. Быйыл туристтердин коопсуздук маселесин эске алып, эко милиция уюштурулуп, “Коопсуз облус” долбоору сунушталып жатканын маалымдап, форумга ийгилик каалады.
Облус жетекчиси өз сөзүндө туризм тармагын өнүктүрүүгө иш жүзүндө салым кошуп келе жаткан Таалайбек Карпеков баштаган ишкерлерге жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, сыйлыктарын тапшырды.
Форумда 3 пленардык сессия өткөрүлүп, анын алкагында Нарын облусунун туризм тармагын өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелер, жасалган жумуштар, алдыга белгиленген пландар боюнча бир катар баяндамалар жасалды.
Иш чарада туристтик компаниялардын, фирмалардын, эл аралык уюмдардын ортосунда бетме-бет олтуруп баарлашуу өткөрүлдү. Туризм тармагын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.
Нарын туризм ассоциациясынын сыйлыктары туризм тармагына салымын кошкон инсандарга салтанаттуу ыйгарылды.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian