+996312621861 info@tourism.gov.kg

Туризм департаменти туризмди туруктуу өнүктүрүү маселелерин камтыган кеңейтилген жыйынды Азия өнүктүрүү Банкы өнөктөшү менен биргеликте уюштуруп өткөрдү

2023-жылдын 24-январында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти туризмди туруктуу өнүктүрүү маселелерин камтыган кеңейтилген жыйынды Азия өнүктүрүү Банкы өнөктөшү менен биргеликте уюштуруп өткөрдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору С.Шатманов, Туризм департаментинин өкүлдөрү, Туризмди өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, Азия өнүктүрүү банкынын(мындан ары-АӨБ) өкүлдөрү, Туризм ассоциациясы, Алдыңкы ресторандар жана мейманканалар ассоциациясы, Туроператорлор ассоциациясы, Курорттор ассоциациясы, Жибек Жолундагы туризм, Хорека ж.б. туристтик чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.
Бул жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасындагы жайгаштыруу объектилеринин улуттук ыктыярдуу классификациясын (мындан ары-классификация) киргизүү алкагында даярдалган долбоор талкууланды. Бул документ Алматы-Бишкек Экономикалык Коридорунун эксперттери тарабынан колдоого алынган. Эки өлкө үчүн сунушталып жаткан классификациянын долбоору ишке киргизилсе, күтүлүп жаткан натыйжалар меймандостук секторундагы сапат стандарттарын жакшыртуу, жайгаштыруу ишканаларынын дараметин өркүндөтүү, коноктордун канааттануу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Ошону менен бирге, өлкөнүн туристтик логотибин жана слоганын бирдиктүү колдонуу маселеси жана туризмди чет өлкөлөрдө туруктуу илгерилетүү стратегиясынын маанилүүлүгү талкууланды. Талкуунун алкагында 2013-жылы Туризм департаменти тарабынан иштелип чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин туризм тармагынын өкүлдөрү тарабынан колдонулуп келе жаткан Кыргыз Республикасынын бирдиктүү туристтик бренди, анын ачкычы өлкөнүн туристтик логотибин жана слоганын колдонуу боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүү сунушталды.
Ошондой эле, эл аралык деңгээлде өлкөнүн бренди буга чейин эле кеңири таратылып, белгилүү болуп, эл аралык деңгээлде даңазаланып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, туризм боюнча стратегиялык документтерди, аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, туризмдин түрлөрүн өнүктүрүүнүн максаттуу жана региондук программаларын иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасындагы туризмдин түрлөрү боюнча классификациянын долбоору да талкууланды. Жыйынтыгында, туризм тармагынын өкүлдөрү жогорудагы долбоордун алкагында эске алынуучу сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизишти.
Жыйындын аягында жогоруда талкууланган маселелерди туризм тармагынын өкүлдөрү менен кийинки жолугушууда, башкача айтканда, 2023-жылдын 31-январында Туризм департаменти тарабынан өткөрүлүүчү кеңейтилген жыйында кошумча талкуулоо чечими кабыл алынды.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian