+996312621861 info@tourism.gov.kg

Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү экономиканы жогорулатуу максатында облустук туризмди өнүктүрүү кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлүүдө

КРнын ММСЖСМне караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, БатМУ менен биргеликте Баткен облустук туризмди өнүктүрүү кеңешинин кезектеги отурумун уюштуруп өткөрдү.
Бул отурумга туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөлөрүнөн сырткары, “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” Ачык акционердик коому, эл аралык өнөктөштөр, Баткен дестинациясы, “Пирамидальный.Борбордук Азия турлары” Жоопкерчилиги чектелген коому жана башка кызыктар тараптар катышышты.
Күн тартибинде Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, облустук кеңештин ишмердигин күчөтүү, жергиликтүү “Мадыген” геопаркынын ишмердигин илгерилетүү, райондордун, жергиликтүү бийликтердин туризм жаатын өнүктүрүүгө карата иш-аракеттерин күчөтүү, туристтик инфратүзүмдү, кыргыз кол өнөрчүлүгүн колдоо, туристтик натыйжалуу продукттарды иштеп чыгып, чет элдик туристтерге сунуштоо аркылуу жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу маселелердин алкагында кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана ишкерлер тарабынан учурда актуалдуу болгон туристтик долбоорлор презентацияланып, алардын рентабелдүүгү, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча алдыга коюлган мерчемдер талкууланды.
Баткен жергесинде жайгашкан Пирамидальный, Асан-Үсөн чокулары дүйнөлүк туристтик аренада таанытууну жогорулатуу максатында “Баткен альпиниадасы” туристтик тоо фестивалын биргелешип уюштуруу, Пирамидальный чокусу жана Геравшин капчыгайынын аталышын өзгөртүү сунуштары да жергиликтүү демилгечилер тарабынан киргизилди.
Кеңештин мүчөлөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү туристтик чөйрөдөгү бир катар маселелерди көтөрүп, алардын чечүү жолдору каралды.
Облустук кеңештин натыйжалуу иш алып баруусу жана туризм жаатынын актуалдуу маселелерин өз учурунда карап чыгуу үчүн кеңештин отурумдарын кеминде ар бир кварталда уюштуруп туруу сунушу киргизилди.
Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Баткен облусунун аймагындагы ар бир район, өнүктүрүү фонддору, айыл өкмөтү, айыл, жаштар комитеттери биргеликте активдүү аракеттенүүсү зарыл экендиги баса белгиленди.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian