+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Туризм тармагында энергия жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү” (ПЭРЭТО / PERETO) долбоорун ишке ашыруу алкагында Ош шаарында жыйын өттү

2023-жылдын 8-февралында, ордолуу Ош шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйын залында региондо туризмди өнүктүрүү максатында, ошондой эле, “Туризм тармагында энергия жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү” (ПЭРЭТО / PERETO) долбоорун ишке ашыруу алкагында өкүлдүн орун басары Э.Толтоев жана өкүлдүн аппаратынын туризм тармагын координациялоого жооптуу кызматкерлери, Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова, стратегиялык мерчемдөө жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси башкы адиси Н.Акжолова, Ош шаарынын мэриясынын эл аралык кызмат башкармалыгынын тийиштуүү бөлүмүнүн башчыгы М.Орозалиев, Ош облусуна караштуу туризм дарамети күчтүү райондордун жетекчилери, туризм чөйрөсүндөгү активдүү бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ош облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, натыйжалуу энергия жана натыйжалуу ресурстарды колдонуу жолдору, туристтик жашыл инструменттер жана механизмдер, салык жеңилдиктери, стратегиялык документтин долбоору жана башка маселелер тегерек столдо кеңири талкууланды.
Бул иш-чаранын негизги максаты – региондо туризмди туруктуу өнүктүрүү, туризм жаатында жашыл экономиканын принциптерин жана механизмдерин киргизүү, туризм чөйрөсүндө энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугунун жогорулатуу, туризмдеги жер маселелери, туризм статистикасын жакшыртуу, кышкы туризмди өнүктүрүү, өзгөчө туристтик прдуктылар жана маршруттарды сунуштоо, чек ара маселелери, региондун туристтик дараметин илгерилетүү үчүн маркетинг жана брендөө маселелери, ар бир райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана башка көйгөйлөрдү талкуулоо жана тийиштүү сунуштарды киргизүү болду.
Жайкы туристтик мезгилге карата бир топ көйгөйлүү маселелер белгиленип, алар Ош облусунда туризмди өнүктүрүү Кеңешинин отурумунда талкууланмай болду.
Маалымат катары:
“Кыргыз Республикасынын туризм тармагында энергия жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү” (ПЭРЭТО / PERETO) долбоору Борбор Азиядагы Америка Университети (БААУ), өнөктөш уюмдар: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия) тарабынан биргелешкен консорциумда жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 2020-жылы башталган, 2024-жылга чейин уланат. Ал SWITCH- Asia программасынын алкагында Европа Биримдигинин каржылоосу астында 4 жылга эсептелген. Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Туризм Департаменти менен кызматташтыкта ишке ашырылуусу мерчемделип, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынган.
Туризм Департаменти 2020-жылдан бери бул долбоордун натыйжалуу ишке ашуусуна негизги өнөктөш катары жогорку эксперттик денгээлде өз салымын кошууда.
Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын туризм жаатындагы чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) арасында туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү (ТӨК), ошондой эле, энергиянын натыйжалуулугу жана ресурстардын натыйжалуулугу (ЭРН) тажрыйбасын илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өнүгүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian