+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы өттү

2023-жылдын 25-февралында “Mounty Норус” лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы өттү
Фестивалда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С.Б. Шатманов сөз сүйлөп, келген конокторго жагымдуу маанай каалады. Ал өз сөзүндө туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, өлкөгө келген туристтердин саны арбып жатканын айтты.
Быйыл 50дөн ашык лыжа жана сноуборд тебүү боюнча машыктыруучуларды долбоордун негизинде үйрөтүп, окутуучулук процесстин үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан лыжа тебүүгө мүмкүндүк берген кооз жана уникалдуу өлкө. Бүгүнкү күндө мамлекет тараптан жана туризм тармагында жүргөн адистер менен биргеликте аткарылган иш-аракеттердин жакшы жыйынтыгын көрүп жатабыз. Акыркы жылдары лыжа тебүүгө кызыккандардын саны арбыды”- деди ал.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Ж. Байсалов кайрымдуулук фестивалды биргеликте уюштурган өнөктөштөргө жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бардык жарандарды кышкы туристтик спорттун түрү менен алектенүүгө чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө интерактивдүү конкурстар, бий флешмобу жана ырчылардын концерти уюштурулуп, фестивалга келген коноктор арасында байгелүү билеттери ойнотулду.
Кайрымдуулук фестивалды уюштуруп, өткөрүүгө кошкон салымы үчүн бизнес ассоциацияларына жана алардын мүчөөлөрүнө ыраазычылык сертификаты тапшырылды.
Иш-чара КР ММСЖСМге караштуу Туризм департаменти, Норус лыжа базасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Лыжа жана сноуборд боюнча машыктыруучуларынын ассоциациясы, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian