+996312621861 info@tourism.gov.kg

Кыргыз Республикасынын жана Германиянын туристтик компанияларынын өкүлдөрү үчүн B2B жолугушуусу өткөрүлдү/Состоялся бизнес-завтрак B2B для представителей туристских компаний Кыргызской Республики и Германии

Кыргыз делегациясынын “ITB Berlin-2023” Эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын туристтик компаниялары Германиянын туристтик компаниялары менен B2B форматында жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басары – Туризм департаментинин директору С.Шатманов жана Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Текебаев сөз сүйлөштү.
Кыргыз Республикасынын КАТО, КАТОС ассоциацияларынан турган туристтик компаниялар жана дестинациялардын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. B2B форматындагы жолугушуунун катышуучулары пикир алмашып, туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышты.
Жолугушуунун катышуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын туризм дарамети тууралуу сүрөт көргөзмө, видео роликтер жана таркатма материалдар көрсөтүлүп, кыргыздын улуттук даамдары тартууланды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Швейцариялык Хельветас уюму жана ПРООНдун колдоосу менен уюштурулду.
_______
В рамках участия кыргызской делегации в Международной туристской выставки «ITB Berlin-2023» состоялся B2B бизнес-завтрак между представителями туристских компаний Кыргызской Республики и представителями туристских компаний Германии.
В ходе мероприятия с приветственными словами выступили заместитель министра – директор Департамента туризма при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики С. Шатманов и Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Федеративной Республике Германия О. Текебаев.
Представителями кыргызских туристских компаний во главе ассоциаций КАТО, КАТОС и дестинаций была представлена широкая информация о туристских возможностях страны. Участники В2В встречи смогли обменяться мнениями и обсудили возможности сотрудничества в сфере туризма.
Для участников встречи была организована фотовыставка, представлены видео и раздаточные материалы о потенциале туризма Кыргызской Республики, также предложены кыргызские национальные угощения.
Мероприятие организовано Департаментом туризма при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики, Посольством Кыргызской Республики в Федеративной Республике Германия при поддержке Германским обществом международного сотрудничества в Кыргызской Республике (GIZ), Швейцарской организацией Хельветас и ПРООН.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian