Алтынбек Максутов Беларусь Республикасынын Спорт жана туризм министри Сергей Михайлович Ковальчук менен жолугушту
2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Беларусь Республикасынын Спорт жана туризм министри Сергей Михайлович Ковальчук менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорт жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Беларус тарап 2023-жылдын август айында Минск шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары тууралуу видеоролик көрсөтүп, КМШ оюндары өтө турган спорт аянтчалары жана оюндарга даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, Сергей Ковальчук беларусь спортчуларынын спорттук даярдыгын колдоо, атап айтканда спорттук медицина боюнча презентация көрсөтүп, бул жаатта тажрыйба алмашуу үчүн кыргызстандык адистерди чакырууга даяр экендигин билдирди.
Туризм темасына токтолуп, тараптар Бишкек-Минск үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга кызыкчылыктар айтылып, мындай кадам туристтердин агымынын өз ара көбөйүшүнө алып келери белгиленди. Мындан тышкары, тараптар КМШ жана ЕАЭБ алкагында кызматташууну арттыруу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.
Өз кезегинде Алтынбек Максутов кыргыз тараптын КМШнын II оюндарына даярдыгы тууралуу маалымат берип, министрликтин өкүлдөрүн жана бардык беларусь спортчуларын 2023-жылдын 13-майында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонуна катышууга чакырды.
Мындан сырткары, тараптардын туристтик потенциалын кеңири чагылдыруу максатында эки өлкөнүн жергиликтүү телеканалдарында жарнактарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн биргелешип кароо сунушталды.
Кошумчалай кетсек, белорус тарап 2023-жылы жайкы туристтик сезондун ачылышына чакырылды. Ачылыштын алкагында жыл сайын салтка айланган “Ысык-Көл туризм жарманкеси – 2023” Эл аралык туристтик жарманке-көргөзмө уюштурулмакчы.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн белгиленген багыттар боюнча активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
*****
Алтынбек Максутов встретился c Министром спорта и туризма Республики Беларусь Сергеем Михайловичем Ковальчуком
15 марта 2023 года Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики Алтынбек Максутов встретился c Министром спорта и туризма Республики Беларусь Сергеем Михайловичем Ковальчуком.
В ходе встречи стороны обсудили актуальные вопросы по двустороннему сотрудничеству в сфере спорта и туризма.
Белорусская сторона презентовала ролик о предстоящих II Играх стран СНГ, которые пройдут в августе 2023 года в Минске, а также информировала о спортивных площадках, где будут проходить игры СНГ и о ходе подготовки к играм.
Белорусская сторона также продемонстрировала презентацию о сопровождении спортивной подготовки белорусских спортсменов, в частности о спортивной медицине и выразила готовность пригласить кыргызских специалистов для обмена опытом в этой сфере.
Касаясь темы туризма, стороны отметили взаимный интерес в открытии регулярных авиарейсов Бишкек-Минск, что, несомненно, приведет к взаимному увеличению притока туристов. Кроме того, стороны согласились с мнением о необходимости наращивания сотрудничества в рамках СНГ и ЕАЭС.
Алтынбек Максутов в свою очередь информировал о ходе подготовки кыргызской стороны ко II Играм СНГ и пригласил представителей министерства и всех белорусских спортсменов к участию в Международном марафоне Шанхайской Организации Сотрудничества, который пройдет 13 мая 2023 года.
В целях широкого освещения туристического потенциала сторон, было предложено совместно рассмотреть возможность запуска рекламы на местных телеканалах двух стран.
Кроме того, белорусская сторона была приглашена на открытие летнего туристического сезона 2023 года, в рамках открытия будет организована традиционная ежегодная Международная туристическая ярмарка-выставка «Issyk-Kul Tourism Fair – 2023».
По итогам встречи стороны выразили готовность к активному сотрудничеству в обозначенных сферах для реализации достигнутых договоренностей.