+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ысык-Көл облусунда туризм секторуна жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөр боюнча тегерек стол өткөрүлдү/В Иссык-Кульской области прошел круглый стол о вызовах и возможностях внедрения зеленых технологий, устойчивого производства и потребления в секторе туризма

Бүгүн, 28-мартта Каракол шаарында туризм секторуна жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөр боюнча тегерек стол өткөрүлүүдө. Иш-чара туристтик секторго тиешелүү бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен Кыргызстанда жашыл экономика саясаты жаатындагы эл аралык жана жергиликтүү алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүүдө жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министрдин орун басары-Туризм департаментинин директору С.Шатманов белгилегендей, энергоресурстарды туура пайдалануу туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана айлана-чөйрөнү сактоого оң таасирин тийгизет. Ошондой эле өлкөбүздүн калкын, анын ичинде туристтик бизнестин өкүлдөрүн, энергоресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга окутуу жана аларга өз билимдерин практикада колдонууга жардам берүү зарыл экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР Президентинин №131 жарлыгына ылайык аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берилүүдө. Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгында Ысык-Көл облусундагы жайкы эс алуу, ден соолукту чыңдоо жайларын инженердик курулмаларсыз иштетүүгө тыюу салынган.
Ага ылайык, менчигинин түрүнө, мекемелик таандыгына карабастан инженердик курулмалары (суу алгыч, суу түтүк, канализация, канализациялык насостук станция, тазалоочу система) жок пансионаттарга, санаторийлерге жана башка эс алуу жайларынын иштөөсүнө, алардын даярдыгы тууралуу паспорт берүүгө тыюу салынган.
Алсак, энергетика тармагында ири шаарлардын сыртында электр кубатынын тынымсыз өчүрүлүшү ишканалардын ишин үзгүлтүккө учуратып, чакан жана орто ишканаларга кошумча чыгымдарды алып келет. Учурда өлкөнүн электр кубатынын 85% гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт, ал эми климаттын өзгөрүшүнөн электр кубатын камсыздоо күтүүсүз болуп калат.
ПЭРЭТО/ PERETO долбоордун максаты Кыргызстандын туризм секторунда чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) арасында туруктуу өндүрүш жана керектөө (ТӨК), электр кубатын үнөмдөө жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу (ЭРН) практикасын илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Сегодня, 28 марта, в городе Каракол проходит круглый стол о возможностях внедрения устойчивого производства и потребления зеленых технологий в туристском секторе.
На мероприятии с участием всех заинтересованных сторон обсуждены возможности внедрения устойчивого производства и потребления зеленых технологий в развитие туризма в Иссык-Кульской области с учетом передового международного опыта в области политики зеленой экономики в Кыргызстане.
Заместитель министра-директор Департамента туризма отметил, что правильное использование энергоресурсов способствует устойчивому развитию туристской отрасли и положительно влияет на сохранение окружающей среды. Также добавил, что необходимо обучить население нашей страны, в том числе представителей туристского бизнеса, рациональному использованию энергоресурсов, бережному отношению к окружающей среде и помочь им применить свои знания на практике.
Кроме того, на круглом столе представлена информация об уже проделанной работе в соответствии с указом Президента Кыргызской Республики «О неотложных мерах по сохранению экологии озера Иссык-Куль». Напомним, что согласно Указа, с 1 января 2023 года в Иссык-Кульской области запрещено функционировать пансионатам без обеспечения инженерными коммуникациями и сооружениями.
Цель проекта ПЭРЭТО (PERETO) – содействие энергетической безопасности и устойчивому росту посредством продвижения практики устойчивого производства и потребления (УПП) и энергоэффективности и ресурсоэффективности (ЭРЭ) среди малых и средних предприятий (МСП) в туристическом секторе Кыргызстана.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian