+996312621861 info@tourism.gov.kg

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Уралда сунушталды/Туристские возможности Кыргызстана презентовали на Урале

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С. Шатманов жетектеген делегация 2023-жылдын 7-8-апрелинде Екатеринбург шаарында жыл сайын өтүүчү “ЖАЙ-2023” Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты.
Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, атап айтканда «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», «Инфо сервис» компанияларынын жана №2 Мамлекеттик резиденциясынын өкүлдөрү болду.
Көргөзмөнүн аянтчасында Уралдагы туроператорлор жана компаниялар, Свердлов областынын профсоюздар федерациясы жана Екатеринбург шаарындагы ишканалар үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, эс алуу жана санаториялык-курорттук дарылануу жөнүндө презентациялар өткөрүлдү. Кыргызстандын павильонунда иштиктүү жолугушуулар өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлду. Өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, буклеттер жана жолдомолор таратылып, келген коноктор кыргыздын кургатылган жемиштери менен боорсогунан даам татышты.
Иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Самат Шатманов жана Башкы консул Руслан Бийбосунов Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Свердлов облусунун Туризмди жана меймандостук өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин директору Эльмира Туканова, Урал туристтик ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев, Аймактын чакан жана орто бизнес союзунун башкы директору Сергей Нестеров, авиаташуучулар жана туроператорлор, ошондой эле башка катышуучулар менен жолугушуп, туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын павильонуна коноктор байма-бай келип жатышты, ал эми өлкөбүздүн туристтик потенциалынын презентациясы көргөзмөнүн катышуучуларынын жана меймандарынын чоӊ кызыгуусун жаратты.
Көргөзмө учурунда Кыргызстандын туристтик компаниялары жана ден соолукту чыңдоо мекемелери россиялык жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен бир катар келишимдерге кол коюшту.

Туристские возможности Кыргызстана презентовали на Урале

 

При организационной поддержке Генерального консульства Кыргызской Республики в г.Екатеринбурге делегация во главе с Заместителем министра культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики – директором Департамента туризма Саматом Шатмановым приняла участие на ежегодной Международной туристской выставке «ЛЕТО-2023», которая состоялась в Екатеринбурге 7-8 апреля 2023 года.
Делегация состояла из представителей туристских компаний и оздоровительных учреждений Кыргызстана, в частности «С.А.Т. Company», «Travelnomad.kg», «Info service company» и ГУ Государственная резиденция № 2.
На полях выставки были организованы презентации о туристических возможностях, оздоровительном отдыхе и санаторно-курортном лечении в Кыргызской Республике для туристических операторов и компаний Урала, Федерации профсоюзов Свердловской области и предприятий города Екатеринбурга. В павильоне Кыргызстана состоялись деловые встречи, подписание договоров, показ видеороликов, раздавались буклеты и путеводители, а гости угощались кыргызскими сухофруктами и боорсоками.
В рамках мероприятия Заместитель министра Самат Шатманов и Генеральный консул Руслан Бийбосунов провели встречи с главой города Екатеринбурга Алексеем Орловым, директором Департамента по развитию туризма и индустрии гостеприимства Свердловской области Эльмирой Тукановой, президентом Уральской ассоциации туризма Михаилом Мальцевым, Генеральным директором Союза малого и среднего бизнеса региона Сергеем Нестеровым, авиаперевозчиками, туроператорами, а также другими лицами и обсудили вопросы сотрудничества в туристской сфере.
Павильон Кыргызстана был наиболее посещаемым местом, а презентация туристского потенциала нашей страны вызвала большой интерес участников и гостей выставки.
В ходе работы выставки кыргызские туристские компании и оздоровительные учреждения подписали ряд договоров с российскими и другими иностранными партнерами.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian