+996312621861 info@tourism.gov.kg

2023-жылдын 13-майында Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт/13 мая 2023 года в городе Чолпон- Ата пройдет международная туристская выставка-ярмарка Issyk-Kul ITF 2023

Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Issyk-Kul ITF 2023 көргөзмө–жарманкесинин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.
IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.
Issyk-Kul ITF – 2023 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.
Ошондой эле, аталган көргөзмө-жарманкенин алкагында 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинин расмий ачылышына старт берилет.
Кирүү акысыз.
Чолпон-ата шаары, Рух Ордо
13-май, 2023-жыл, саат 10:00дө башталат
Катышуу боюнча суроолор: 0558 707 807
____________________
Посетители выставки Issyk-Kul ITF 2023 в культурном центре «Рух Ордо» имени Ч. Айтматова смогут ознакомиться с товарами и услугами туристских компаний, пансионатов, домов отдыха и других организаций, работающих в сфере туризма, а также принять участие в этноиграх, мастер-классах ремесленников и посмотреть культурную программу.
IITF 2023 – это ежегодное место встречи международных туристских компаний, туроператоров и агентств, представителей госструктур по развитию туризма, гостиниц, перевозчиков.
Целью международной выставки-ярмарки Issyk-Kul ITF – 2023 является развития сферы туризма страны, установление деловых связей между туристским бизнесом заинтересованных сторон, продвижение потенциала туризма на мировом рынке, привлечение зарубежных туристов для отдыха и оздоровления, также содействие привлечению инвестиций в сектор туризма Кыргызской Республики.
Также в рамках данной выставки-ярмарки будет дан старт официальному открытию летнего туристского сезона 2023 года.
Вход свободный.
г. Чолпон-ата, Рух Ордо 13 мая 2023 г., начало в 10:00 По вопросам участия: 0558 707 807

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian