+996312621861 info@tourism.gov.kg

ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК МЕЗГИЛ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ

13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн ISSYK KUL ITF-2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине күбө болду.
Быйылкы туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган иш-чарага туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин, эл аралык компаниялардын, туроператорлордун жана агенттиктердин, авиакомпаниялардын, мейманканалардын өкүлдөрү, ошондой эле бул тармакта кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер катышты.
Көргөзмө-жарманкеде ата мекендик өндүрүштөгү товарлар, улуттук буюм-тайымдар, тамак-аштар тартууланып, келгендерге өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.
Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Борбор Азиядагы эле эмес, дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп: “Бийик тоолорубуз, көгүлтүр көлдөрүбүз жана көркөм жаратылышыбыз менен өзгөчөлөнгөн өлкөбүз меймандос калкы жана бай маданияты менен да айырмаланып турат. Айрыкча төрт мезгил төрт башка көрүнгөн табиятыбызды өзүндөй тасмага тартып, сүрөткө түшүрүү мүмкүн эмес. Көз менен гана көрүп, көңүл сергитүүгө болот. Андыктан, жыл бою дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду тосууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деди.
Муну менен катар жылдан жылга туристтердин саны өсүп жатканын жана мында жеке ишкерлердин салымы чоң экенин билдирген Төрага: “Туруктуу туризмди калыптандырууда туристтердин коопсуздугу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты өтө маанилүү. Андыктан бардык тиешелүү мекемелерди жана жердештеримди аталган маселелерге тыкыр көңүл бурууга чакырам”, – деди Нурланбек Шакиев.
Ошондой эле туристтик индустриядагы ишкана-уюмдарга жагымдуу шарттарды түзүү, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу Кыргызстанды туристтик өлкөгө айлантуу башкы максат экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Бүгүнтөн баштап жайкы туристтик мезгил ачылсын”, – деп расмий жарыялады.
Issyk-Kul ITF 2023 туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкесине Кыргыз Республикасынын облустары, бир катар мэриялары аталган аянтчада боз-үй тигип, региондун маданий-туристтик дараметин даңазалашты жана келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чара Жогорку Кеңештин төрагасы Н. Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, КР экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев, ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин, Туризм департаментинин директору С. Шатманов, жана башка расмий адамдардын катышуусунда болуп өттү.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian