+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык бизнес-форуму

Бүгүн, 2023-жылдын 31-майында Жалал-Абад шаарында КРнын Жалал Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жалал-Абад дестинациясы, Туризм департаменти, жергиликтүү кол өнөрчүлөр, маданият тармагы, эл аралык өнүктүрүү өнөктөш GIZ уюмунун “Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” долбоору жана башка өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулган эл “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык бизнес-форум  жана көргөзмө жарманке өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э.Төрөбаев, КРнын Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Т. Сыргабаев, А.К. Алимбаев, Э.Ж. Жантаев, КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А. Артыкбаев, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары К.А. Кенжематова, КРнын Соода-өнөр жай палатысынын жетекчиси Т. А. Сариев, Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун жетекчиси А.Э.Новиков, КРнын Өзбекстан Республикасынын Андижан, Наманган облустарынан келген расмий делегациялар, Жалал-Абад облусунун райондорунун акимдери, туризм жана энергетика тармактарынын өкүлдөрү, жергиликтүү ишкерлер ж.б. катышты.
Туризмди туруктуу өнүктүрүү жана жашыл инструменттерди колдонууну ишке ашыруу маселелери атайын панелдик сессияда каралып, бир катар актуалдуу сунуштар жана ой-пикирлер жеринде талкууланды.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун бир катар район-шаарлары менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун район-шаарларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Иш-чара алкагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын мекеме-ишканалары тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын жана Жалал-Абад облусундагы туристтик жайлардын, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian