+996312621861 info@tourism.gov.kg

Түрк элдеринин салттуу ашканасы” аттуу I эл аралык этнофестивалы

2023-жылдын 5-июнунда Чуңкурчак жайлоосунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан “Supara Chunkurchak” этнорезортунда “Супара: түрк элдеринин салттуу ашканасы” аттуу I эл аралык этнофестивалы өттү
Бул фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Македония, Азербайжан, Венгрия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өзүлөрүнүн тээ байыртан бери келе жаткан улуттук тамак-аштары менен катышууда.
Этнофестиваль түрк элдеринин ынтымак – ырашкерлигин жана бир туугандык мамилелерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен бирге, төмөнкүдөй максаттарга жетүүнү көздөйт:
• Түрк элдеринин жоголуп бараткан салттуу тамак- ашын жандандыруу жана аларды түрк элдеринин улуттук баалуулуктары катары даңазалоо;
• Түрк элдеринин салттуу тамактануу маданиятын ден соолукка эң пайдалуу жана узак жашоого көмөк корсөткүч катары таанытуу;
• Түрк элдеринин этно-ашкана жана тамак – аш туризмин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;
• Салттуу тамак – аш даярдоодо, заманбап технологияларды, ыкмаларды колдонуу жана пайдаланууга киргизүү;
• Түрк элдеринин салттуу тамак – аш тарыхын келечек муун үчүн сактап, өткөрүп берүүгө өбөлгө түзүү.
Иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттеринин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укукту элчилери, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С. Шатманов, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары К. Имналиев, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы С. Раев, КРнын Саламаттык сактоо министри Г. Баатырова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы А. Матубраимов, “Супара” этнокомплексинин башкы директору Ж. Турганбаева катышууда.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian