Бүгүн, 28-апрелде Чолпон-Ата шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору С. Шатмановдун жетекчилиги астында жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Далиев, жергиликтүү мамлекеттик кызматтар жана санаторийлердин катышуусунда пландык жыйын өттү.
Жыйында негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгондугун кабарлап, ага ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюуу салынгандыгы туурасында, тийиштүү иштерди пансионаттар, санаторийлер жана конок-үйлөр менен биргеликте


