+996312621861 info@tourism.gov.kg

Туризм департаменти кыш мезгилинде унаа айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырат/ Департамент туризма в зимний период призывает водителей автомобилей строго соблюдать правила дорожного движения

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кыш мезгилинде өлкөнүн тоо лыжа базаларына алып баруучу жолдордо кар түрмөгү жана муз тайгалагынын пайда болушуна байланыштуу унаа айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырат. Ден-соолукту сактоого жана мүмкүн болгон кырсыктан куткарууга жардам берчү турчу кеңештер менен таанышууну сунуштайт.
1. Тоого чыгуудан мурун ар дайым унааңыздын техникалык абалын текшериңиз, анткени анча-мынча бузулуу күтүлүүсүз кырсыкка алып келиши мүмкүн. Тоолордо техникалык тейлөө станциялары жана авто тетиктерди сатуучу дүкөндөр жок экендигин эстен чыгарбоо керек. Ошондой эле, унаа айдоодон мурун күйүүчү май жетиштүү деӊгээлде болуусун камсыздоо зарыл, анткени тоолуу аймакты басып өтүү үчүн канча убакыт кетери белгисиз.
2. Тоолуу жолдордо бара жатканда унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыз. Бул күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир тарапка унаа тайгалана баштаса, башка унаа менен кагылышпоого мүмкүнчүлүк берет.
3. Унааңыздын кышкы дөңгөлөктөрүн текшерип алыңыз. Кышында унаа жыл мезгилине ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылышы керек. Бул чындыгында абдан маанилүү, анткени тоолордо кар, муз, жамгыр жана мөндүр жааган учурда сапатсыз (тайгалак) дөӊгөлөк кооптуу кырдаалды жаратат.
4. Мындан тышкары, эгер сиз бардык мезгилдердеги дөӊгөлөктү колдонууну кааласаңыз, анда тоого чыгуу үчүн кошумча аксессуар – кар чынжырларын жаныӊызга алыңыз, себеби аларды колдонуу айдоо күчүн жана токтоо күчүн көбөйтөт, натыйжада, унаа жолдун татаал бөлүктөрүндө туруктуулук жакшырат.
5. Тоого эс алууга аттанардан мурун дары-дармек салуу кутучасын жана кичинекей калактын бар экендигин текшерип алыңыз. Мунун бардыгы көптөгөн кырсыктарды алдын алууга мүмкүндүк берет.
Сакталган мүнөттөр ден-соолукту да, өмүрдү да кайтара албай тургандыгын унутпаңыз. Урматтуу айдоочулар, этият болуңуздар жана таптакыр шашылбаңыздар!
______________________________
Департамент туризма при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики в связи с образованием снежного наката и гололедицы на дорогах в зимний период, ведущих в горнолыжные базы страны, призывает водителей автомобилей строго соблюдать правила дорожного движения и рекомендует ознакомиться с советами, которые помогут сохранить здоровье и спасти от возможного несчастья.
1. Всегда проверяйте техническое состояние своего автомобиля перед поездкой в горы, ведь малейшая неисправность может стать фатальной. Следует помнить, что СТО и магазинов для автомобильных запчастей горах нет. Также перед поездкой заполните топливный бак полностью, потому что неизвестно, сколько времени в конце концов вам понадобится на преодоление горного участка.
2. Соблюдайте дистанцию 500 м. между транспортными средствами при проезде на горных автодорогах. Это позволит вам не столкнуться с другим автомобилем, если его вдруг начнет заносить в какую-то из сторон.
3. Проверьте наличие зимних шин у своего автомобиля. Зимой машина обязательно должна быть укомплектована хорошими шинами по времени года. Это действительно важно, ведь в горах есть как спуски, так и подъемы, серпантины, проходить которые на не качественной (лысой) резине совершенно небезопасно во время снега, гололедицы, дождя и града.
4. Кроме того, если вы предпочитаете использование всесезонной резины, то для поездки в горы приобретите дополнительный аксессуар – цепи противоскольжения. Их использование усиливает мощность привода и тормозную способность, что в конечном итоге улучшает устойчивость транспортного средства на сложных участках дорог.
5. Перед поездкой проверьте наличие аптечки и небольшой лопатки. Все это позволит вам увеличить шансы при множестве вариантов несчастных случаев.
Уважаемые водители, будьте внимательны и ни в коем случае не спешите! Помните, что сэкономленные минуты не смогут вернуть ни здоровье, ни жизнь. Будьте сознательны, не забывайте об ответственности!

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian