+996312621861 info@tourism.gov.kg

GIZ «Визит Жалал-Абад» долбоорунун жыйынтыкталышы

2021-ж. 7-декабрында, Жалал-Абад шаарынын “Jannat Regency” мейманканасында Жалал-Абад облусунун Туризм Кенешинин кезектеги отуруму өттүү. Иш-чаранын алкагында GIZ «Визит Жалал-Абад» долбоорунун жыйынтыкталышы, аймакта туризмди өнүктурүү жана көйгөйлүү маселелерди талкулоолор кызуу жүрүүдө.
Иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Т. Сыргабаев, аймактык чек ара, бажы, өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, IRDP долбоорунун менеджери Кэте Бракхам, Туризм департаментинин мүдүрүнүн орун басары К.А. Кенжематова, Ош жана Жалал-Абад дестинацияларынын жетекчилери, Youth of Osh коомдук бирикмесинин аткаруучу мүдүру А.Сатинбаева, туристтик ишмердик өкүлдөрү, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б. катышты.
2022-жылга карата мерчемделген аймактык туризмди өнүктүрүү боюнча Туризм департаментинин иш-аракеттери алкагында да катышуучулар бир катар суроолорду узатып, тийиштүү жоопторду алышууда.
Жалал-Абад облусунун туризм дарамети өзгөчө жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Облустагы тарыхый-маданий жана табият мурастарын сактоо, туруктуу туризмди өнүктүрүү, учурдун абдан маанилүү жана актуалдуу тапшырмасы.
Туризм мамлекеттик экономиканын приоритеттүү тармагы болгондуктан, туризмди калыбына келтирүү жана андан ары туруктуу өнүктүрүү – аймактардагы башкы милдет. Кызыктар тараптар комплекстүү иш-аракеттерди ыкчам жана биргеликте жүргүзүүсү абзел.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian